КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 20-октябры № 35/139
Кызыл–Кыя шаардык кеңешин 2015–жылдын 21–июлундагы “Кызыл–Кыя шаарынын жана шаарга караштуу “Караван” башкармалыгынын тургандарына жеке менчик турак жай куруу үчүн мурда бөлүнүп берилип, жеке менчик турак жайлар курулуп пайдаланылып жаткан жер тилкелерин мыйзамдаштыруу жөнүндө” №33/121 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кызыл–Кыя шаардык кеңешине шааргдын муниципалдык менчик боюнча департаменти өзүнүн 2015–жылдын 16–октябрындагы чыгуу №1442а сандуу каты менен шаардык кеңештин 2015–жылдын 21–июлундагы №33/121 «Кызыл–Кыя шаарынын жана шаарга караштуу “Караван” башкармалыгынын тургандарына жеке менчик турак жай куруу үчүн мурда бөлүнүп берилип, жеке менчик турак жайлар курулуп пайдаланылып жаткан жер тилкелерин мыйзамдаштыруу жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизип, ушул токтомдун биринчи пунктун алмаштырып, муниципалдык менчик департаменти сунуштаган тексте кабыл алып берүүнү суранган.
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесинин 2–бөлүгүнө негиз, шаардык кеңештин коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана архитектура, курулуштар маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2015–жылдын 7–октябрындагы протоколунун чечимин эске алып, шаар жана айыл тургундарынын эң көйгөйлүү маселелеринин бири болгон жеке менчик турак жайлар курулуп пайдаланылып жаткан жер тилкелерин мыйзамдаштыруу маселесин чечип берүү максатында, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин 2015–жылдын 21–июлундагы «Кызыл–Кыя шаарынын жана шаарга караштуу “Караван” башкармалыгынын тургандарына жеке менчик турак жай куруу үчүн мурда бөлүнүп берилип, жеке менчик турак жайлар курулуп пайдаланылып жаткан жер тилкелерин мыйзамдаштыруу жөнүндө» №33/121 токтомунун 1–пункту төмөнкүдөй текст менен алмаштырылсын:
– “Кызыл–Кыя шаарынын жана шаарга караштуу “Караван” аймактык башкармалыгынын тургандарына 1999–жылдын 16–июнуна чейин жеке менчик турак жайлар курулуп, пайдаланылып жаткан жер участокторун Кыргыз Республикасынын жер маселелерин жөнгө салуучу ченемдик–укуктук актыларына ылайык мыйзамдаштырып берүү жагы Кызыл–Кыя шаарынын муниципалдык менчикти башкаруу жана жер тилкелерине болгон укуктарды сатуу, ижарага берүү боюнча комиссиясына жүктөлсүн”.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана архитектура, курулуштар маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Маткалыков |