Загрузка документа…
КЕҢ-АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 28-марты № 4
Кең-Арал айыл өкмөтүнүн 2015-жылга жергиликтүү бюджетин жана 2016-2017 жылдарга жергиликтүү бюджетинин болжолун бекитүү жөнүндө
Кең-Арал айылдык аймактык кеңеши, айыл өкмөтүнүн 2015-жылга бюджетинин долбоорун угуп, талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кең-Арал айыл өкмөтүнүн 2015-жылга бюджетинин көлөмү киреше, чыгашасы менен 3230,9 миң сом суммасында баланс менен бекитилсин. Киреше булактары, төмөнкү киреше булактарынын эсебинен түзүлсүн (миң сом):
Трансферттер: 1823,6
Теңдөөчү грант 1823,6
Салык төлөмдөрү: 1147,3
· Ыктыярдуу патентин негизинде алынуучу салык 73,0
· Милдеттуу патентин негизинде алынуучу салык
· Иш беруу тараб. айлык акыдан карм киреше сальны 470,0
· Чакан ишкерлерден алынуучу салык 3,0
· Кыймылсыз мулктен алынуучу салык 3,0
· Унаа каражат ээлеринен алынуучу киреше салык 150,0
· Короо жай (огород) жер салыгы 51,5
· Айыл чарбасына жарактуу жер салыгы 331,8
· Айыл чарба багытында эмес жер салыгы 10,0
· Сатуудан алынуучу салык 55,0
Салык эмес киреше булактары: 260,0
· КБФ жерлеринин ижара акысы 240,0
· Юст.орг.тарабынан кармалуучу мамл.пошлина 16,0
· Айып акылар, санкциялар. Конфискациялар 4,0
Жалпысынан 1407,3
Чыгашалар бөлүгү 3230,9 миң сом өлчөмүндө төмөндөгү бөлүмдөр боюнча бекитилсин:
Башкаруу аппараты 2100,5 миң сом
Жарандык коргоо бөлүмү 120,0 миң сом
Турак жай коммуналдык бөлүмү 64,5 миң сом
Маданият бөлүмү 275,0 миң сом
Билим беруу бөлүмү 504,9 миң сом
Социалдык жактан коргоо бөлүмү 166,0 миң сом
Жалпысы 3230,9 миң сом
2. 2015-жылдын бюджетине белгиленген каржылоо чыгымдары биринчи кезекте корголгон статьялар боюнча жумшалсын. (эмгек акы, соц фонд , эл энерг..ж.б)
3. Жыл ичинде жергиликтүү киреше булактары бюджетте бекитилген сметадан ашып түшсө, ал суммага жараша бюджеттин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүнү кошумча смета түзүү менен киргизүү жагы айылдык аймактык кеңештин сессиясына сунушталып, планга тактоо киргизүү Каржы Министрлигинен суралсын.
4. Бюджетти аткаруу процессинде зарыл учурларда кварталдан кварталга жылдыруу айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн сунушунун негизинде айыл өкмөтүнүн башчысынын токтому менен жүргүзүлсүн.
5. Бөлүмдөн бөлүмгө статьядан статьяга жылдыруу айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн сунушунун негизинде, айылдык аймактык кеңештин сессиясынын токтомунун негизинде жүргүзүлүүсү белгиленсин.
6. 2014- жылдын жыйынтыгы менен чыгашадан ашкан кирешенин эсебинен 2015-жылга 1,0 миң сом өлчөмүндө кассалык жүгүртмө каражаттык запас түзүлүп, жыл ичинде керектүү учурларда пайдаланып кайра орду толукталып, жылдын этегине чейин эсептик счетто сакталсын
7. Бакай-Ата районунун мамлекеттик администрациясынын 2015-жылдын 20-январындагы № Б-3/V буйругунун негизинде жергиликтүү бюджеттен, 2015-жылы күтүлүүчү өзгөчө кырдаалдарда тез-арада куткаруу иштерин уюштуруу жана анын кесепетин жоюу үчүн 120,0 миң сом өлчөмүндө «кол тийгис» акча каражаттарынын запасы түзүлсүн.
8. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндө» мыйзамынын 21-статьясына ылайыктуу (Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын 20.07.2004-ж №93, 14.02.2008-ж № 14 редакциясы боюнча) Жергиликтүү бюджеттин чыгашасынын 1% на чейинки өлчөмүндө, айыл өкмөтүнүн ар кандай социалдык экономикалык маданий чыгымдарына 32,3 миң сом резервдик фонд түзүлүп, айыл екмет башчысынын тескөөсүнө берилсин.
9. 2015-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн мыйзамдуулукта аткаруу, максатсыз жумшоолорго жол бербөө, казынадан сырткары чыгымдоолорго тыюу салуу милдеттери, айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнө (башчысы Н.Жаныбердиевага) тапшырылсын.
10. Бюджеттин киреше булактары болгон салык жана салык эмес төлөмдөрдү жыйноодо, өткөн жылдардан калган суммаларды (недоимкаларды) толук еөдүрүүдө айыл өкмөтүнүн салык кызматкерлерине катуу талап коюлсун, ошондой эле алардын ишине ар тараптуу жардамдар көрсөтүлсүн.
11. Салык Кодексинин 197-статьясынын негизинде унаа ээлеринен тийиштүү өлчөмдөгү салыктар мөөнөтүнөн кечиктирилбей алынсын.
12. Айыл чарбасына арналбаган жер салыгын чегерүүнүн коэфициенти К1 = 1,04 болуп, айыл чарба багытында жерлеринин жер салыгын чегерүүнүн коэфициенти К1 = 1,04 болуп белгиленсин.
13. Ал эми мектептердин жыл ичиндеги (текущий) ремонтуна каражаттар республикалык бюджеттен камсыз болуп жаткандыгы эске алынсын.
14. КР Өкмөтүнүн 30.05.2013-жылынын №302 токтомунун 1-пунктунда көрсөтүлгөндөй билим берүү уюмдарынын окуу жана тарбия иштерине байланыштуу чыгымдары Билим Берүү Министрлиги аркылуу каржыланары белгиленсин.
15. Жергиликтүү бюджетти колдоо ирээтинде Республика тарабынан бөлүнгөн теңдештирүү гранттары коргоодогу статьяларына (эмгек акы. соц фонд жана электроэнергиясынын чыгымдарына) каралуусу белгиленсин.
16. 2016- жылдын бюджет божомолунун жалпы суммасы 3278,9 миң сом, теңдөөчү грантын суммасы 1823,6 миң сом, 2017-жылдын бюджет божомолунун жалпы суммасы 3333,9 миң сом, теңдөөчү грантын суммасы 1823,6 миң сом, суммасында
17. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык аймактык кеңешинин бюджеттик комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | И. Изаканов |