Редакцияот 10.02.1015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨЛӨЙКӨН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кыргыз Республикасынын Ош облусу Кара-Суу району Төлөйкөн айылдык Кеңешинин кезексиз ХV сессиясы

(V шайланган)

 

2015-жылдын 10-февралы № 15-3

 Төлөйкөн айыл  аймагындагы айыл тургундарынын арыздарын кароо  жөнүндө

Төлөйкөн айыл  аймагындагыайыл тургундарынын үлүштөрүн жылдырып берүү жөнүндөгү арыздарын карап, талкуулап Төлөйкөн айыл  айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төлөйкөн айыл  аймагындагы айыл тургундарынын үлүштөрүн жылдырып берүү боюнча Кыргызстан айылында жайгашкан «Шакир» дыйкан чарбасына караштуу №16 кварталдагы 1.10 га үлүш жери №15 кварталдагы 0.32 га үлүш жерине кошуп жылдырып берилсин.

2. Жерге жайгаштыруу жана каттап берүү жагы Кара-Суу райондук мамлекеттик  мүлктү каттоо башкармалыгынан   суралсын.

3. Бул  токтомдун   аткарылышы Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Арапбаевге милдеттендирилсин.

4. Жогорудагы токтомду көзөмөлдөө жагы Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысы А.Абдукаримовго жүктөлсүн.

 

 

 Төрага

И. Ажиматов