Загрузка документа…
ТӨЛӨЙКӨН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 11-марты № 16-2
Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2015-жылга карата иш планы жана долбоордук бюджетинин болжолу жөнүндө
Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2014-жылдагы аткарган иштерин талкуулап 2015-жылга карата жайыт пайдалануунун жамааттык планын жана бюджетин карап жана талкуулап депутаттардын Төлөйкөн айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин 2014-жылдагы жыйынтыктарын эске алып 2015-жылга карата жайыт пайдалануунун жаматтык планы жактырылсын, ЖКтин жаны курамы бекитилсин (1тиркемеге ылайык).
2. Төлөйкөн АО Жайыт комитетинин 2015-жылга карата түзүлгөн долбоордук бюджети (2,3,4- тиркемелерге ылайык) бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 26-январындагы №30 «Жайыттар жөнүндөгү» токтомун ишке ашыруу максатында Төлөйкөн АО айылдык кенешинин №16/2 11.03.2015-жылдагы отурумунун токтомунун негизинде Төлөйкөн жайыт комитетинин төрагасы Х.Жумабаев 2015-жылдан 2016-жылга чейинки 1 жылдык мөөнөткө дайындалсын.
4. Жайыт пайдалануучуларга төмөндөгүлөр:
· Өзүнө бөлүнүп берилген жайытка кана мал жандыктарын жаюусу:
· Мал жандыктарын ветеринардык эмдөөдөн өткөрүүсү, жайытты пайдаланууда сарамжалдуу пайдаланууну жайыт кыртышын бузбоону:
· Жайытка чыгуусунан мурда алдын ала ЖКне кайрылуусу:
· Жайыт билет алууда жайыт төлөмүн 50% алдын ала төлөсүн:
· Жайыт пайдаланууда көргөзүлгөн келишимдеги графикти сактоо милдеттендирилсин.
5. Айыл өкмөтүнүн ветеринардык инспекторуна жеке ветсервистер мал жандыктарды жайытка чыкканга чейин бардык эмдөөдөн өткөрүү милдеттендирилсин (аныктама ар бир малдын ээсине жазып берүүсү шарт).
6. Мал жандыктарды каттоодо айыл башчылар көзөмөл жүргүзсүн.
7. Жайыт төлөмүнүн өлчөмү төмөндөгүдөй белгиленсин:
· Бир шарттуу мал башына эсеп менен 125 (бир жүз жыйырма беш) сом тариф белгиленсин. Сырттагы АОдон келген жайыт пайдалануучуларга 2(эки) эссе тарифте белгиленсин.
· Уруксатсыз мал жандыктарын жайытка алып чыккан адамдарга 1000 (мин) сомдон 3000 (үч мин) сомго чейин жазана белгиленсин.
· Жайыт төлөмдөрүн өз убагында төлөнбөгөн учурда 0,2 %тен, 0, 5% өлчөмүндө пеня белгиленсин.
· Жайыт жердеги уруксат берилген жерден шагыл, кум жана топурак алып чыккан учурда ар бир м3 жүк үчүн 50(элүү) сомдон кышкы тоют камдоого 1га үчүн 500(беш жүз) сомдон, башка айыл өкмөтүнүн тургундары үчүн 1000 (бир мин) сом төлөм белгиленсин.
· Озгур, Данги жайытында кыргыз үй тигип туризм уюштурулуп, ар бир кирген автоуна үчүн 100(бир жүз) сомдон төлөм белгиленсин, тазалыкты сактоо жайыттын бузулуусуна жол бербөө жагы уюштуруучуга милдеттендирилсин.
8. Жайытка мал жандыктарын берүүчүлөр менен жайыт пайдалануучунун ортосунда келишим түзүлүп, келишимде төмөндөкүлөр камтылсын:
· Келишим түзүү учурунда малдын жашы, түсү, салмагы, табырасы, жынысы, малдын орточо базар баасы көргөзүлсүн.
· Мал багуучуга мал багуудагы эмгек акысынын ичинде жайыт төлөмү кошо айылдык кенешинин сессиясында бекитилген токтомдун негизинде коэффициент бир шарттуу малга бир айга 500 (беш жүз)- 550 (беш жүз элүү) сом белгиленсин.
· Келишим эки нускадан түзүлүп, малдын ээсинде жана мал багуучуда бирден нуска болушу шарт.
· Мал жандыктар өлгөн же жоголгон учурда ветеринардык инспектор жана жайыт комитетинин мүчөлөрү депутаттардан катышкан комиссиясынын актысы тиркелсин жана ушул комиссиянын чечими менен мыйзам аркылуу токтомдо көргөзүлгөн пункттардын негизинде ишке ашырылсын.
9. Жакынкы жайыттардын кату деградацияга учурап, жараксыз абалга келгендиги себептүү алыскы жайлоого көчүрүү жолго коюлсун, Кара-Кысмак, Учар, Озгур жайытына 2015-жылдан баштап эс алдыруу жолго коюулсун.
10. Алыскы жайлоого көчүрүүнү ЖК курамы, айыл өкмөтүнүн адистери, ветеринария кызматкерлери жана милиция кызматкерлери катышкан топ түзүлүп, Жол-Чырактагы Төлөйкөн ЖКнин жайлоосуна мал жаюуга шарт түзүлсүн. ЖКнин финансылык шарты жетишсиз болгондуктан көчүрүү учурунда куючу май, транспорт, жумуштуу топтун каражаттары Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн бюджетинен каралсын.
11. Жайыт комитетине Кара-Кысмак участогунун жана башка участоктор дагы баруучу жолдорго кириш жерине контролдук тейлөө – каттоо посту куруу жүктөлсүн.
12. Ушул токтомдун аткарылышын Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы Х.Жумабаевге жүктөлсүн.
13. Көзөмөлдөө жагы Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысы А.Абдукаримовго милдеттендирилсин.
Төрага | И. Ажиматов |