Загрузка документа…
ТӨЛӨЙКӨН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 11-марты № 16-5
Төлөйкөн айыл аймагына караштуу жайыт жерден №171 контурунан 4га жер аянтын шагыл завод куруу үчүн ижарага берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 9-бөлүмүнүн 60-61 беренелерин жетекчиликке алып, «Мамлекеттик геология жана минералдык ресурстар» агенствосунун 12-январь 2013-жылдагы жер кыртышын иштетүү укугу жөнүндөгү №3854 ТЕ лицензиясынын негизинде Төлөйкөн айыл аймагына караштуу жайыт жердин №171 контурунан 4га жер аянтын шагыл завод куруу үчүн ижарага берүү максатында Төлөйкөн айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төлөйкөн айыл аймагына караштуу жайыт жердин №171 контурунан 4га жер аянтын шагыл завод куруу үчүн Ходжаев Замирбекке ижарага бекитилип берилсин.
2. Жогорудагы токтомдун аткаруу жагы Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Арапбаевге милдеттендирилсин.
3. Токтомду көзөмөлдөө жагы Төлөйкөн айылдык кеёешинин айыл чарба, жер агрардык реформа, турак жай, өнөр жай, курулуш, энергетика, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссияна жүктөлсүн.
Төрага | И. Ажиматов |