Загрузка документа…
ТӨЛӨЙКӨН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 11-марты № 16-7
Төлөйкөн айыл аймагынын атуулдарынын арыздарын кароо жөнүндө
Төлөйкөн айылдык кеңешинин 2015-жылдын 11-мартындагы №16 сессиясында Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Арапбаевдин билдирүүсүнүн негизинде Төлөйкөн айыл аймагынын тургундарынын үлүш жерлерин тактап берүү боюнча жазылган арызын канаттандыруу максатында маселени жайында чечүү үчүн төмөндөгү комиссия курамын бекитип берүү боюнча айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Комиссиянын төрагасы- айылдык кеңешинин депутаты, айыл чарба, жер агрардык реформа, турак жай, өнөр жай, курулуш, энергетика, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы С.С.Мирзалиев.
2. Комиссиянын төрагасынын орун басары - Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары У.Кадыров.
3. Комиссиянын катчысы -Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Арапбаев.
Комиссиянын мүчөлөрү:
4. Айыл чарба, жер агрардык реформа, турак жай, өнөр жай, курулуш, энергетика, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиянын мүчөлөрү - Б.А.Сайдазов, М.У.Атабаев, Р.И.Усманов, М.Ш.Кабылов, К.Б.Ажиматов, Т.К.Арзибаев жана жергиликтүү айылдык кенештин депутаттары.
5. Кара-Суу райондук курулуш жана архитектура башкармалыгынын адиси К.Абдувалиев.
6. Кара-Суу райондук мамлекеттик каттоо башкармасынын адиси А.Толубаев.
7. Арыз боюнча маселени жайында текшерип, корутунду берүү жагы комиссия курамына милдеттендирилсин.
8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төлөйкөн айылдык кеңешинин төрагасы И.Ажиматовго жүктөлсүн.
Төрага | И. Ажиматов |