Загрузка документа…
ТӨЛӨЙКӨН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 11-марты № 16-8
Төлөйкөн айыл аймагындагы айылдарга келишимдин негизинде айыл башчыларды жумушка алуу жөнүндө
Төлөйкөн айыл аймагы боюнча өзүнчө жайгашкан калктуу конуштардын жергиликтүү маанидеги маселелрди ыкчам чечүүнү уюштуруу үчүн айыл башчыларды келишимдин негизинде жумушка алуу максатында айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төлөйкөн айыл аймагындагы Төлөйкөн 1, Коргон, Жаңы-Турмуш айылдарына айыл башчылар келишимдин негизинде 6 (алты) айлык мөөнөткө жумушка алынсын.
2. Айыл башчылардын эмгек маянасын төлөп берүү жагы Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Г.Бердиевага милдеттендирилсин.
3. Токтомду көзөмөлдөө жагы Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысы А.Абдукаримовго жүктөлсүн.
Төрага | И. Ажиматов |