Загрузка документа…
ТӨЛӨЙКӨН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 11-марты № 16-10
Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн 2015-жылга каралган бюджетин бекитүү жөнүндө
Төлөйкөн айыл өкмөтүнүи 2015-жылга каралган бюджетин бекитүү маселесин айыл өкмөтүнүн финансы боюнча адистери, айыл башчылар, бюджеттик мекемелердин жетекчилеринин катышуусу менен такталып түзүлгөн бюджет айылдык кенештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясында каралып, алар тарабынан киргизилген сунуштарынын негизинде түзүлгөндүгүн эске алып Төлөйкөн айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн бюджетине каралган сметанын негизинде Төлөйкөн айылында кичи-футбол аянтча куруу үчүн сметалык баасы 2931421 сомдук проектини бүткөрүүгө Төлөйкөн айыл өкмөтуиүн жергиликтүү бюджетинен 300 000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсии.
2. Буп токтомдун аткаруу жагы Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысы Абдукаримов Алмаз Абдылазовичке милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Төлөйкөн айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | И. Ажиматов |