Загрузка документа…
КЕҢ-АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 28-марты № 5
Күрөш залын куруу жөнүндө
Кең-Арал айылдык кеңештин 38-чакырылыштагы депутаттарынын 2014-жылдын кезексиз 2-сессиясы, айыл аймагынын жашоочусу, "Келечек Кең-Арал Жаштар" коомдук бирикмесинин төрагасы А.Шабдановдун, Кең-Арал айылындагы "Күрөш залын куруу боюнча демилгесин угуп, талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кең-Арал айыл аймагындагы "Спорт залын куруу үчүн " максаттуу жана керектүү деп табылсын.
2. Спорт залын куруу үчүн долбоорду даярдоо жагы "Келечек Кең-Арал Жаштар" коомдук бирикмесинин төрагасы А.Шабдановго тапшырылсын.
3. Долбоорду ишке ашыруудагы тиешелүү өздүк салымдын 352000 (үч жүз элүү эки миң) сому: накталай акча түрүндө айыл округунун 2015-жылдын бюджетинин эсебинен которулсун.
4. Мындан сырткары, өздүк салымдын калган 50% ы болгон 351841 (үч жүз элүү бир миң сегиз жүз кырк бир) сомду материал жана эмгек ресурсу менен камсыз кылуу жагы айыл округунун башчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы өзүмө калтырылсын.
Төрага | И. Изаканов |