Загрузка документа…
КЕҢ-АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 28-марты № 5
Кең-Арал айылдык аймактык кеңешинин XXXVIII-чакырылышындагы кезектеги II сессиясында Кең-Арал айыл өкмөтүнүн 2013-жылга финансылык отчетун бекитүү жөнүндө
Кең-Арал айылдык аймактык кеңешинин XXXVIII-чакырылышындагы кезектеги II сессиясы Кең-Арал айыл өкмөтүнүн 2013-жылдагы финансылык отчетун угуп талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кең-Арал айыл өкмөтүнүн 2013-жылдагы финанасылык отчету: кирешеси боюнча пландагы 7898,3 миң сомдун ордуна 7839,1 миң сомду түзүп, 99,3% га, чыгашасы боюнча пландагы 7898,3 миң сомдун ордуна 7633,9 миң сомду, 96,7 % га аткарылгандыгы бекитилсин.
Төрага | И. Изаканов |