КЕҢ-АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кең-Арал айылдык аймактык кеңешинин 38-чакырылышынын 1-сессиясы
2015-жылдын 16-январы № 2
Кең-Арал айылынын тургуну А.Мухамедовдун айылдагы эски мончонун ордуна кайра жаңы мончо куруу боюнча жерин сурап жазган арызын канатааттандыруу максатында Кең-Арал айылдык аймактык Кеңешинин 38-чакырылышынын кезектеги 1 -сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл ичиндеги эски мончонун ордун тактоо боюнча төмөндөгүдөй комиссия курамы түзүлсүн:
1. Б.Камчыбеков - айылык кеңештин жер боюнча туруктуу комиссиясынын
төрагасы-комиссиясынын төрагасы
комиссия мүчөлөрү:
2. Ж.Асанов - айылдык кеңештин депутаты
З. О.Жамангараев - айылдык кеңештин депутаты
4. Б.Момункулов - айыл өкмөтүнүн жер адиси
5. Б.Жаманкулов - айыл өкмөтүнүн салык кызматкери
6. А.Шабданов - жаштар комитетинин төрагасы
7. К.Жаманкулов - Аксакалдар сотунун төрагасы
2. Жерди тактоо учурунда райондук архитектура жана мамлекеттик каттоо башкармалыгынын тийиштүү адистери чакырылсын.
2. .Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | И. Изаканов |