САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айыл Кеңешинин кезектеги 5-чакырылыш 16-сессиясы
2015-жылдын 23-январы № 139
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн аймагында 2014-жылы ички жана сырткы инвестицияларды тартуу боюнча аткарылган иштери жөнүндө “Интер-Билим” коомунун презентациясы
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн аймагында 2014-жыл ичинде ички жана сырткы инвестицияларды тартуу боюнча “Интер-билим” коомунун өкүлүнүн малыматын угуп Салам-Алик айыл кеңешинин 5-чакырылыш 16-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Салам-Алик айыл өкмөтүнүн аймагында 2013-2017-жылдар аралыгында түзүлгөн стратегиялык иш-пландарына ылайык 2013-2014-жылдар ичинде ички жана сырткы инвестицияларды тартуу боюнча аткарылган иштери тууралуу “Интер-билим” коомунун өкүлүнүн маалыматы жактырылсын.
2. Токтомду аткарууну көзөмөлгө алуу айыл кеңешинин экология, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, транспорт, энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын
Төрага | П. Жунусалиев |
|
|