Редакцияот 23.01.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

     Салам-Алик айыл Кеңешинин кезектеги 5-чакырылыш 16-сессиясы 

 

2015-жылдын 23-январы № 141  

                     

      Салам-Алик айыл  өкмөтүндө калкты биометрикалык каттодон өткөрүп жатышкан жумушчу топко материалдык колдоо көрсөтүү жөнүндө

Салам-Алик айыл  өкмөтүнүн башкы адиси Сатыбалдыев Равшанбектин маалыматын  угуп  Салам-Алик айыл кеңешинин 5-чакырылыш 16-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Муниципалдык кызмат жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын  мыйзамынын 17-беренесине ылайык Салам-Алик айыл өкмөтүнүн аймагындагы калкты биометрикалык каттоодон өткөрүп жатышкан   жумушчу топтун төрт мүчөсүнө жумушчу күн бүткөндөн кийин иштеп жатышкан кызматкерлерге материалдык колдоо максатында 12000(он эки миң)  сом  акча каражаты айыл өкмөтүнүн тийиштүү сметасына ылайык төмөндөгү жумушчу топторго ыйгарылсын:                

                  Нышанбаев Д                     3000-00

                  Сатыбалдыев Р                  3000-00

                  Чакаева  Ф                          3000-00

                  Сулайманова Ж                 3000-00

                  Бардыгы                             12000-00

2. Айылдарда ооруп, баса албай жаткан атуулдарга аппаратты ташып барып өткөрүү үчүн транспортко 2000(эки миң) сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн тийиштүү бюджетинен төлөнүп берилсин.

                            Жалпы суммасы         14000-00 (он төрт миң) сом;

3. Токтомду аткаруу Салам-Алик айыл кеңешинин бюджет, экономика, финансы жана байланыш тармактары боюнча туруктуу коммиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага

П. Жунусалиев