САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айыл Кеңешинин кезектеги 5-чакырылыш 16-сессиясы
2015-жылдын 23-январы № 142
Салам-Алик айыл кеңешинин жана айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Нышанбаев Дуйшебайды “Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматынын мыктысы” төш белгисине сунуштоо жөнүндө
Жалпы депутаттардын сунушу боюнча Салам-Алик айыл кеңешинин жана айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Нышанбаев Дуйшебайды “Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматынын мыктысы” төш белгисине сунуштоо боюнча Салам-Алик айыл кеңешинин 5-чакырылыш 16-сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Салам-Алик айыл кеңешинин жана айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Нышанбаев Дуйшебай Жажанбаевич “Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматынын мыктысы” төш белгисине сунуш кылынсын.
2. Нышанбаев Дуйшебай Жажанбаевичке “Муниципалдык кызматтын мыктысы” төш белгисин ыйгаруу Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана Этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттигинен суралсын.
3. Токтомду көзөмөлгө алуу Салам-Алик айыл кеңешинин мыйзамдуулук, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, коомдук уюмдар менен иштөө жана этика тармактары боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | П. Жунусалиев |
|
|