САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айыл Кеңешинин кезектеги 5-чакырылыш 16-сессиясы
2015-жылдын 23-январы № 144
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн аймагында турак жай курууга жер аянттарын бөлүп берүү боюнча турак жай комиссиясына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн турак жай комиссиясынын төрагасы Р.Сатыбадыевдин сунушу боюнча айыл өкмөтүнүн турак жай комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизип, курамына райондук тиешелүү мекеме-уюмдардын өкүлдөрүн кошуу жөнүндө Салам-Алик айыл кеңешинин 5-чакырылыш 16-сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Салам-Алик айыл өкмөтүнүн турак жай комиссиясына төмөндөгү райондук мекеме-уюмдардан өкүл кошулсун:
- Өзгөн райондук кыймылсыз мүлктү каттоо бөлүмүнөн 1 (бир) өкүл;
- Өзгөн шаары жана райондук архитетура бөлүмүнөн 1 (бир ) өкүл;
2. Токтомду аткарууну көзөмөлгө алуу айыл кеңешинин экология, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, транспорт, энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | П. Жунусалиев |
|
|