Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 4-февралындагы № 145
Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу Салам-Алик айылынын тургуну Кырабеков Алтынбектин 2015-жылдын 10-январындагы жазган арызы жөнүндө
Салам-Алик айыл кеңешинин төрагасы жана депутаттары Салам-Алик айылынын тургуну Кырабеков Алтынбектин арызын талкуулашып Салам-Алик айыл кеңешинин 5-чакырылыш 17-сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Салам-Алик айылынын тургуну Кырабеков Алтынбектин Салам-Алик айыл кеёешинин төрагасына жазган арызы канааттандырылсын жана арыздагы көрсөтүлгөн кемчилдиктерди жоюуу айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
2. Атуул Кырабеков Алтынбек өзүнүн ишин улантып, көмүр ташуучу салык постуна каттоочу болуп кабыл алынсын.
3. Токтомду аткаруу Салам-Алик айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Абдыразаковко тапшырылсын.
4. Токтомду көзөмөлдөө Салам-Алик айыл кеңешинин бюджет, экономика, финансы жана байланыш тармактары боюнча туруктуу коммиссиясына тапшырылсын.
Төрага | П. Жунусалиев |
|
|