Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 4-февралы № 147
Сатыбалды уулу атындагы орто мектебинин инвентарларын жана жылытуу системасын реконструкциялоодон чыккан материалдарды эсептеп чыгуу максатында
Сессияга катышкан элдердин талабын жана маалыматын угуп Салам-Алик айыл кеңешинин 5-чакырылыш 17-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Р.Сатыбалды уулу атындагы орто мектебинин инвентарларын жана жылытуу системасын реконструкциялоодон чыккан материалдарды эсептеп чыгуу үчүн төмөндөгүдөй депутаттык жана айыл тургундарынан турган комиссия курамы түзүлсүн:
1. Сатыбалдыев Равшанбек - Салам-Алик айыл өкмөтүнүн жер, турак жай
жана комуналдык менчиктери боюнча
башкы адиси, комиссиянын төрагасы;
Мүчөлөрү:
2. Нуралиева Канышай - Салам-Алик айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн
башчысы;
3. Жунусалиев Пазыбек -Салам-алик айыл кеңешинин депутаты;
4. Назарматов Сүйүнбек -Салам-Алик айыл кеңешинин депутаты;
5. Нуралиев Насирдин -Салам-Алик айылынын айыл башчысы;
6. Бөйпөев Жаныбек -Салам-Алик айылынын тургуну;
7. Акиев Жалил -Салам-Алик айылынын тургуну;
8. Кырабеков Алтынбек -Салам-Алик айылынын тургуну;
9. Аблезов Сабыржан -Салам-Алик айылынын тургуну;
10. Иманбаев Таир -Салам-Алик айылынын имамы;
11. Муратова Рапия -Салам-Алик айылынын тургуну;
2. Комиссия төрагасына жана мүчөлөрүнө Р.Сатыбалды уулу атындагы орто мектебинин бардык негизги жана айланма каражаттары , сырье материалдар жана жылытуу системасынан чыккан труба, материалдары жана башка материалдар бирден саналып, акт менен жазуу жүзүндө тапшыруу жана жакынкы сессига алып чыгуу жагы тапшырылсын.
3. Токтомду аткаруу Салам-Алик айыл кеңешинин бюджет, экономика, финансы жана байланыш тармактары боюнча туруктуу коммиссиясына тапшырылсын.
Төрага | П. Жунусалиев |
|
|