Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 4-февралы № 148
Салам-Алик айылынын тургундары Абдыкадырова Гүлнара менен Муратова Рапиянын айылдык кеңештин төрагасына кайрылуусу жөнүндө
Салам-Алик айылынын тургундары Абдыкадырова Гүлнаранын жана Муратова Рапиянын суроо талаптарын жана маалыматтарын угуп Салам-Алик айыл кеңешинин 5-чакырылыш 17-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Салам-Алик айылынын тургуну Абдыкадырова Гүлнарага баласы Маканбаев Э турак үй куруу боюнча чек берүү иштерин тез арада чечип берүү Салам-Алик айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
2. Салам-Алик айылынын тургуну Муратова Рапия 10 жылдан бери Калинин участкасынан жер алып иштеткендиги, жана ал жердин мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу аукционго коюлушу же коюлбашы жөнүндөгү маселени мыйзам чегинде чечип берүү Салам-Алик айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомду көзөмөлгө алуу Салам-Алик айыл кеңешинин мыйзамдуулук, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, коомдук уюмдар менен иштөө жана этика тармактары боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | П. Жунусалиев |
|
|