Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 25-февралы № 149
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2015-жыл үчүн жергиликтүү бюджетин кабыл алуу боюнча Салам-Алик айылдык кеңешинин кезектеги токтому жөнүндө
2014-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы жана 2015-жылга жергиликтүү бюджеттинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн бекитүү, 2016-2017-жылдарга проектисин кароо жөнүндөгү маселелер айылдык кеёештин бюджет финансы, салык жана социалдык маселелер боюнча туруктуу коммисияда алдын ала каралып, алардын сунуштарынын негизинде Салам-Алик айыл өкмөтүнүн ФЭБнун башчысы Нуралиева Канышайдын билдирүүсүн угуп Салам-Алик айылдык кеңешинин 5 чакырылышы 18- сессиясы төмөндөгүдөй
Т О К Т О М К Ы Л А Т.
1. Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 13916,7 сомго жана чыгаша бөлүгү 15036,9 сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2015-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 11942,7 сомго, чыгаша бөлүгү 11942,7 сомго бекитилсин.
3. Айыл өкмөтүнүн 2016-2017-жылдарга киреше бөлүгүнүн жактырылган болжолу бекитилсин жана ар бир бюджет каралган мезгилде жана кабыл алууда такталып өзгөртүүлөр киргизилеери белгиленсин.
4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына 2015-2017-жылдарга жергиликтүү бюджеттин чыгашаларын каржылоо биринчи кезекте корголгон беренелерге (эмгек акыга, соц фондко чегерүү, тамак-аш, дары-дармек жана милдеттүү медициналык камсыздандырууга чегерүүлөргө) коммуналдык кызматтар (Электр энергия, көмүр, суу) боюнча жүзөгө ашыруу сунушталсын.
5. Кыргыз Республикасынын бюджеттиик укуктарынын негизги принциптери жөнүндө Мыйзамынын 21- беренесине ылайык айыл өкмөтүнүн резервдик фонду 117,7 миң сом өлчөмүнө бекитилсин.
6. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары теңдөөчү гранттарды биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча эмгек акыга жана соц фондко чегерүүлөргө төлөнүп калган акча каражаты коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгашаларды каржылоого багытталсын.
7. Бюджет мекемелер, чарба жүргүзүүчү субьектер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жергиликтүү бюджетти бекитилген сметага ылайык сарамжалдуу сарптоо жагы белгиленсин.
8. Казына системасын четтеп өтүү менен атайын каражаттарды өз алдынча пайдаланууга тыйуу салынсын. Көрсөтүлгөн тартип бузулганда атайын каражаттын 100% Кыргыз Республикасынын бюджетине алынат.
9. Айланма кассалык калдык (оборотный кассовый наличность) айыл өкмөтүнүн бюджети боюнча жүргзүлгөн накталай акча каражаты 2015-жылдын 1-январь айына 26748 сом өлчөмүндө белгиленсин
10. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеёештин бюджет финансы, салык жана социалдык маселелер боюнча туруктуу коммиссиясына тапшырылысын.
Төрага | П. Жунусалиев |
|
|