Редакцияот 25.02.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

     Салам-Алик айыл Кеңешинин кезектеги 5-чакырылыш 18-сессиясы 

 

2015-жылдын 25-февралы № 154  

 

     Салам-Алик айыл өкмөтүнүн аймагында спирт ичимдиктерин сатып жаткан  майда камокторду тартипке келтирүү жөнүндө

Элдин жана депутатардын суроо талаптарын эске алып Cалам-Алик айыл кеңешинин 5-чакырылыш 18-сессиясы төмөндөгүдөй

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык бардык айылдагы спирт ичимдиктерин сатуучу майда күркөлөр (камоктор, магазиндер) кечки саат 22-00 дөн кийин жабылсын.

2. Токтомду аткаруу айыл өкмөтүнө, айыл башчыларга, участкалык инспекторго тапшырылсын.

3. Токтомду көзөмөлгө алуу Салам-Алик айыл кеңешинин мыйзамдуулук, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, коомдук уюмдар менен иштөө жана этика тармактары боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

П. Жунусалиев