Редакцияот 25.02.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

     Салам-Алик айыл Кеңешинин кезектеги 5-чакырылыш 18-сессиясы 

 

2015-жылдын 25-февралы № 155  

 

   Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу 15 жаш айылынын Шыргыма участкасына канал чыгаруу  жумуштарына акча каражатын бөлүү жөнүндө

  Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу 15 жаш айылынын Шыргыма участкасына канал казуу, чыгаруу жумуштарына акча каражатын бөлүп берүү боюнча жалпы депутаттардын добушуна ылайык айыл кеңешинин 5-чакырылыш 18-сессиясы төмөндөгүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу 15 жаш айылынын Шыргыма участкасына канал казуу, чыгаруу жумуштарына  971000-00 (тогуз жүз жетимиш бир  миң)  сом  акча каражаты айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүнүп берилсин.

2.  Токтомду көзөмөлгө алуу айыл кеңешинин бюджет, финансы,экономика жана байланыш тармактары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

П. Жунусалиев