Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 20-апрели № 17/1
Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн Жаңы-Алай айылынын алкагында түзүлгөн конкурстук комиссиянын сунушун бекитип берүү жөнүндө
Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн Жаңы-Алай айылынын алкагында түзүлгөн конкурстук комиссиянын төрайымы А.Шаңыяеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жаңы-Алай айылдык кеңешинин 5 чакырылышынын 17-кезексиз заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн Жаңы-Алай жана Жаңы-Арык айылдарындагы эң көйгөйлүү маселелерди аныктоо жөнүндөгү кокурстук комиссиянын отурумунун №3 20.04.2015-жылдагы чечими бекитилсин.
2. Айылды инвестициялоо-3 долбоорунун конкурсуна Жаңы-Алай айылындагы эң көйгөйлүү маселелерин сунуш кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Исмаиловго жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Исмаиловго, аны көзөмөлдөө туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Төрага | З. Эрматов |