Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 18-майы № 18/1
Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн пландоо, бюджет,социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча туруктуукомитетинин жана айыл өкмөт боюнча түзүлгөн комиссия тарабынан сунушталган 2016-2017-2018- жылдардын киреше жана чыгаша жергиликтүү бюджетин болжолдуу пландарын кабыл алуу жөнүндө
Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн пландоо,бюджет, социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комитетинин жана айыл өкмөт боюнча түзүлгөн комиссия тарабынан сунушталган 2016-2017-2018-жылдардын киреше жана чыгаша киреше болжолдуу пландарын кабыл алуу үчүн Жаңы-Алай айылдык кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2016-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 4898,6 миң сомго, анын ичинен 966,6 мин сомдук өздүк киреше, 3500,0миң сом толуктоочу грант, атайын каражат 432,0 миң божомолдонсун. Бюджеттин чыгаша бөлүгү4898,6 миң сомго божомолдонсун. 2017-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоорунун планы 5108,6 миң сомго, 2018-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоор планы 5418,6 миң сомго божомолдонсун.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин пландоо жана бюджет социалдык - экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилип, айыл өкмөт башчысы А. Исмаиловго, К.Э.Б башчысы Н.Нуридиновго аткаруу жүктөлсүн.
Төрага | З. Эрматов |