Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 3-июну № 19/1
№42 С. Ашимов атындагы орто мектебинде класстан тышкаркы ийрим иштеринин жанаата-энелер менен иштөөнүн абалы
№42 С. Ашимов атындагы орто мектебинде класстан тышкаркы ийрим иштеринин жана ата-энелер менен иштөөнүн абалы жөнүндө туруктуу комиссиянын төрагасы Т.Соороновдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин 5-шайланган кезексиз 19-заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. №42 Ашимов атындагы орто мектебинде класстан тышкаркы ийрим иштеринин жана ата-энелер менен иштөөдө бир топ иштер аткарылгандыгына карабастан кемчилдиктер кетирилгендиги да белгиленсин.
2. Жаңы муундарга инвестициялык ыкмаларды жайылтуу менен ар түрдүү багытардагы ийримдерди уюштурууга өзгөчө көңүлбуруу жагы мектеп директору А.Адапбаевге милдеттендирилсин.
3. Ата-энелер комитеттеринин ишин жандандыруу, алар менен такай иш алып баруу жагы мектеп директоруна жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | З. Эрматов |