Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 3-июну № 19/4
Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн Жаңы-Арык айылына бала бакча ачуу жөнүндө
Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн Жаңы-Арык айылына балдар бакчасын ачуу жөнүндө Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Исмаилов Абдибап Эргешовичтин сунушун карап жана талкуулап Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин 5 - шайланган кезектеги 19 - заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн Жаңы-Арык айылындагы И. Умаров орто мектебинин эски имаратына мунципиалдык балдар бакчасын ачууга уруксат берилсин жана ачыла турган балдар бакчасын тамак-аш, электр-энергия, көмүр отун менен камсыздоо коммуналдык кызмат көрсөтүү маселелери айыл өкмөтүнүн 2015-жылкы бюджетинин каржылыгына сунуш кылынсын.
2. Кошумча тамак-азыктары, биринчи кезектеги ремонттор, бала бакчага керектүү инвентерлер ата-энелерден жана демөөрчүлөрдөн түшүүчү взностун эсебинен каржылансын.
3. Жаңы-Арык айылында ачылуучу муниципиалдык балдар бакчасы үчүн штат бирдиктери чечип берүү жагы Алай райондук билим берүү жана каржы бөлүмүнөн суралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Төрага | З. Эрматов |