Загрузка документа…
КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 11-ноябры № 25/3
Көк-Жаңгак шаарынын мэринин №117-0 29.10.2015-жылдагы каты жөнүндө
Көк-Жаңгак шардын мэри Ж.Юсуповдун каты: Каржы министрлигинен республикалык бюджеттен №1 бала бакчаны оңдооп түзөө иштери боюнча 3700,0 (үч миллион жети жүз миң) сом жергиликтүү бюджетке бөлүнгөн. ОсОО «Тэран» тендерден утап алган акча каражаты 2690,3 ( эки миллион алты жүз токсон миң үч жүз) сом түзөт. Калган 1009,7 (бир миллион тогуз миң жети жүз) сом акча каражатын Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттары карап талкуулап чыгып Көк-Жаңгак шаардык кеңештин ( VI-чакырылыштагы) кезектеги ХХV-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинен бөлүнгөн акча каражатты «Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө жана «Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык принциптери жөнүндө» мыйзамдарына ылайык шаардагы Октябрь көчөсүндөгү № 1 бала бакчага бөлүнгөн 07.10.2015-жылы түзүлгөн сметага ылайык жана Кыргыз Республикасынын «мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамынын 21-беренесинин 4/2, 4/3 пунктарынын жана 53-беренесинин 2-пунктунун негизинде:
-сметада каралган жана жасала турган иштер боюнча 420,8 миң сом;
-жылытуу системасын оңдоо боюнча 494,5 миң сом;
-курулуш –ремонттоо иштерин көзөмөлдөө үчүн технадзорго төлөнүүчү
каражат 24,6 миң сом ;
-проектти сметасы менен даярдоого кеткен каражат 35,0 миң сом;
-тендер иш кагаздарын даярдоо жана өткорүү адиске – 5,0 миң сом;
- №1 бала бакчанын ремонтун бүтүрүү үчүн ар турдуу чыгымдарга- 29,8 сом
Баардыгы болуп: 1009,7 миң сом бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын шаардын мэри Ж.Юсуповго жана каржы бөлүмүнүн башчысы Ж.Эргашевге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду көзөмөлдөө жагы Көк-Жаңгак шаардык кеңештин бюджет, финансы жана салык маселелер боюнча туруктуу комиссияга (З.Арзыкуловага) тапшырылсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | К. Курбанов |