Загрузка документа…
КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 11-ноябры № 25/4
Көк-Жаңгак шаарынын мэринин №119-0 29.10.2015-жылдагы каты жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттары Көк-Жаңгак шаардын мэри Ж.Юсуповдун кайрылуу катын карап талкуулап Көк-Жаңгак шаардык кеңештин ( VI-чакырылыштагы) кезектеги ХХV-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жаңгак шаарындагы №1 бала бакчага жабдуу жана эмеректерди сатып алуу максатында Каржы министрлигинен бөлүнө турган 1600,0 (Бир миллион алты жүз мин ) сомду туура бөлүнүп пайдаланышы «Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө» жана «Жергиликтуу өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө» мыйзамдарына ылайык аткарылсын.
2. Аткаруу жагы шаардын мэри Ж.Юсуповго жана каржы бөлүмүнүн жетекчиси Ж.Эргашевге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин бюджет, финансы жана салык маселелер боюнча туруктуу комиссияга (З.Арзыкуловага) тапшырылсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | К. Курбанов |