Загрузка документа…
КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 11-ноябры № 25/8
Көк-Жаңгак шаарындагы мектептер жана бала бакчалар кышка даярдыгы жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттары Көк-Жаңгак шаарындагы мектептер жана бала бакчалар кышка даярдыгы боюнча шаардык билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси С.Сейдахматованын маалыматын угуп талкуулап Көк-Жаңгак шаардык кеңештин (VI чакырылыштагы) кезектеги ХХV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жаңгак шаарындагы мектептер жана бала бакчалар кышка даярдыгы боюнча шаардык билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси С.Сейдахматованын маалыматын эске алынсын.
2. Шаардагы мектеп окуучулардын арасында кылмыштулуукту болтурбо үчүн алдын алуу боюнча иш аракеттерди көрүү жана окуучулардын билим денгелин көтөрүү, маданият, спорт, этика маселелерине терең кылдат көңүл бурулсун, аткаруу жагы шаардык мектептердин директорлоруна жүктөлсүн.
3. Ушул токтомду көзөмөлдөө жагы Көк-Жаңгак шаардык билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси С.Сейдакматовага шаардык кеңештин билим берүү жана жаштар, аялдар саясаты, маданият жана спорт маселелер боюнча туруктуу комиссияга (Ж.Мараимовго) тапшырылсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | К. Курбанов |