Загрузка документа…
КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 11-ноябры № 25/10
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин бюджет, финансы жана салык маселелер боюнч туруктуу комиссиянын 29.10.2015-жылдагы протоколунун негизинде акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттары Көк-Жаңгак шаардык кеңештин бюджет, финансы жана салык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын 29.10.2015-жылдагы протоколунун жана кортундусун карап чыгып Көк-Жаңгак шаардык кеңештин ( VI чакырылыштагы) кезектеги ХХV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2015-жылдын 12-айдын жергиликтүү бюджетке пландан ашыкча түшөө турган акча каражатынын эсебинен :
-Ю.Гагарин атындагы мектептин жылытууга тен алуу үчүн 20,0 миң сом;
- социалдык өнүгүү башкармалыгынан майыптар күнүнө карата 30,0 миң сом;
- 1 группадагы коляскадагы 15 майып жарандарды көмүр отун менен
камсыз кылуу максатында 22,5 миң сом;
- тоголок, жарым жетим балдарга жаңы жылдык майрам өткөрүү үчүн
20,0 миң сом;
- Шар-Булак ишканасына сууну тазалоого хлор алуу үчүн 5,0 миң сом;
-«Искусство» мектебинин котельнийине вентилятор жана суу тетикчелерин ондоого 5,0 миң сом
Баардыгы болуп : 102,5 (Бир жүз эки миң беш жүз) сом акча каражатын жергиликтүү бюджеттин 2015-жылга бекитилген бюджеттик мекемелердин сметаларына киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө өзгөртүлөр киргизилип бөлүп берилсин.
2. Бул токтомду аткаруу жагы шаардын каржы бөлүмүнүн жетекчиси Ж.Эргешевге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин бюджет, финансы жана салык маселелер боюнча туруктуу комиссияга (З.Арзыкуловага) тапшырылсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | К. Курбанов |