Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин (XXVI чакырылышы) кезектеги XXVII сессиясы
2015-жылдын 26-июну № 8
Чаек айыл өкмөтүнүн 2014-жылдан үнөмдөлгөн акча каражатынан Эгин чабуучу комбайынга деп каралган 500 000 (беш жүз миң) сом жөнүндө, Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаек айыл өкмөтүнүн 2014-жылдан үнөмдөлгөн акча каражатынан Эгин чабуучу комбайынга деп каралган 500 000 (беш жүз миң) сомго эгин чабуучу комбайын жана чөп таңгактагыч алынсын.
2. Эгин чабуучу комбайын жана чөп таңгактагыч алууга комиссия түзүлсүн.
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтү-мекемесинин башчысы О. Жунушалиевге жүктөлсүн.
Төрага | А.Ж. Бөдөшбеков |