Редакцияот 18.08.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин (XXVI чакырылышы) кезектеги XXIX сессиясы

 

2015-жылдын 18-августу № 3

Чаек айыл өкмөтүнүн алдындагы “ Чаек-Водоканал” муниципалдык  ишканасынын, эмгек жамаатынын жалпы чогулушунун 06.08.2015-жылдагы № 4 токтому жөнүндө

   Чаек айыл өкмөтүнүн алдындагы “Чаек-Водоканал” муниципалдык  ишканасынын, эмгек жамаатынын жалпы чогулушунун 06.08.2015-жылдагы суунун тарифин кайра карап, көбөйтүү боюнча № 4 токтомун угуп жана талкуулап, Чаек айылдык Кеңеши,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Калкты  таза суу  менен жабдууда  үйдүн  ичине суу  киргизгендер  үчүн  ар бир  адамга  бир  айга  -20 сомдон

- сууну  көчөдөн ташып келип  пайдалангандар үчүн   10 –сомдон

- ашкана, мончо, дүкөн, чач тарачтарга  ар  бир м3 суу  үчүн- 15 сомдон

- мекеме  ишканаларга, ооруканаларга, мектептерге  м3 суу  үчүн  -8 сомдон болуп жогорулатылсын.

2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтү-мекемесинин башчысы О. Жунушалиевге жүктөлсүн.

 

Төрага

А.Ж. Бөдөшбеков