Загрузка документа…
НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 2-сентябры № XXIII-1
Найман айыл өкмөтүнүн «Найман жайыт пайдалануучулар бирикмесинин конференциясында бекитүү чүн Найман айылдык Кеңешинин депутаттарынан мүчөлөрдү көрсөтүү жөнүндө
Найман айыл аймагынын тургундарынын Найман жайыт пайдалануучулар бирикмесинин айылдарда өткөрүлгөн чогулуштарынын негизинде жайыт пайдалануучулар бирикмесинин конференциясы уюштурулат. «Жайыт жөнүндө» закондун жана Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин уставынын негизинде сессия угуп жана талкуулап, Найман айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Найман айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесин аткаруу органы болуп жайыт комитетине төмөнкү депутаттар мүчө болуп көрсөтүлсүн.
1. Топчубаева Базаргүл
2. Курбаналиева Калыскан
3. Сапарова Шырманкан
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Найман айылдык Кеңешинин жер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ш. Эрматов |