Загрузка документа…
НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 2-сентябры № XXIII-2
Найман жайыт пайдалануучулар бирикмесин каттоо жөнүндө
Найман айыл аймагынын тургундарынын 2015-жылдын 26-августундагы өткөрүлгөн жалпы чогулушта кабыл алынган Найман жайыт пайдалануучулар бирикмесинин Уставын угуп жана талкуулап, Найман айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Найман жайыт пайдалануучулар бирикмесин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы катары (ТОС ) каттоодон өткөрүлсүн.
2. Найман жайыт пайдалануучулар бирикмесинин ишмердүүлүк аймагы болуп Найман айылдык Кеёешинин Найман, Улуу Тоо айылдарынын аймагы белгиленсин.
3. Жайыт пайдалануучулар бирикмесин мамлекеттик каттоодон өткөрүү жана керектүү документтерин даярдоо жагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин комитетинин төрагасына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Найман айылдык Кеңешинин жер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ш. Эрматов |