Загрузка документа…
НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 2-сентябры № XXIII-3
Найман айыл өкмөтүнүн Улуу Тоо айылына статус алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Н.Нарматованын 2015-жылдын 11-июнундагы №6-4576и/15 катынын негизинде жана Улуу Тоо участкасынын жашоочуларынын айыл статусун алуу боюнча өткөрүлгөн жыйынынын протоколун угуп, талкуулап Найман айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Найман айыл өкмөтүнүн Улуу Тоо айылына «Айыл статусун» алып берүү боюнча өткөрүлгөн айыл элинин жыйынынын протоколу бекитилсин.
2. Айыл статусун берүү сунушун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жөнөтүү жагы Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Тиешелүү документтерди даярдап жөнөтүү Найман айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына жана айылдык Кеңештин депутаты А.Тешебаевге тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Найман айылдык Кеңешинин социалдык коргоо маселлери боюнча, ден соолук, билим берүү, маданият, спорт, туризм, жаштар миграциясы, мыйзам, жер мамлекеттик этика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ш. Эрматов |