Загрузка документа…
НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 6-октябры № XXIV-3
ОсОО “Аман Ата” кичи ишканасына Найман айыл аймагынын батыш тарабынан цемент чыгаруучу завод куруу үчүн жер аянтын ижарага берүү жөнүндө
ОсОО “Аман Ата” ишканасынын Найман айыл аймагынын батыш тарабынан 20 жылдык ижарага 8,0 га жер аянтын сурап жазган арызын карап чыгып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13,27,28,28-1-статьяларына таянып, Найман айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Найман айылынын батыш тарабынан айыл чарбасына ыңгайсыз болгон, таштак жерден цемент чыгаруучу завод куруу үчүн 8,0 га жер аянты 20 жылдык мөөнөткө пайдаланууга ижарага ажыратылып берилсин.
2. Цемент чыгаруучу заводду куруу боюнча ижара келишимин түзүү жагы Найман айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
3. Ижара келишимине негиз жерге болгон укуктарын мамлекеттик каттоодон өткөрүп берүү жагы Ноокат райондук кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасынан суралсын.
Төрага | Ш. Эрматов |