КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жар айылдык кеңешинин бешинчи чакырылышынын кезексиз жыйырма сегизинчи сессиясы
2015-жылдын 25-июну № 28-6
Борбаш айылындагы жайгашкан эски чайкананы, балдар бакчасына берүү тууралуу
Көк-Жар айыл аймагына караштуу, Борбаш айылындагы «Сүйкүм» балдар бакчасында, бүгүнкү күндө 75 орундуу балдар бакчасында, 93 бала тарбияланып жатат деген Борбаш айылынын тургундарынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Борбаш айылынын жашоочуларынын билдирүүсү колдоого алынсын.
2. Борбаш айылында мектепке чейинки балдардын саны көбөйүп,балдар бакчасында орун аз болуп жаткандыгына байланыштуу, Борбаш айылында жайгашкан эски чайкананын имаратын,оңдоп.ремонттоп, балдар бакчасына берүүгө макулдук берилсин.
3. Токомду аткарууда, анын мыйзамдуу жагын кароо жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө, айылдык кеңештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Н. Туманов |