Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 25-июну № 28-7
«Тешик-Таш» ИСКАКБнын 2015-жылга карата бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн бекитүү жана жетекчиси А.Жаяевдин 2014-жыл ичинде элди таза суу менен камсыз кылууда аткараган иштери тууралуу отчетун угуу
Көк-Жар айыл аймагындагы «Тешик-Таш» ИСКАКБнын аткаруучу директору А.Жаяевдин, 2014-жыл ичинде элди таза суу менен камсыз кылуу боюнча аткарган иштери тууралуу отчетун жана 2015-жылга карата түзгөн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн долбоорун угуп жана талкуулап,депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Тешик-Таш» ИСКАКБнын аткаруучу директору А. Жаяевдин элди таза суу менен камсыз кылууда, 2014-жыл ичинде жүргүзгөн иштери канааттандырарлык деп белгиленсин.
2. «Тешик-Таш» ИСКАКБнын башкаруу органынын төрагасы болуп Абдилазизов Мухтар бекитилсин.
3. «Тешик-Таш» ИСКАКБнын 2015-жылга карата түзгөн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн суммасы 1 282 182 (бир млн.эки жүз сексен эки миң бир жүз сексен эки)сом болуп бекитилсин,ошондой эле таза сууга болгон тарифтери тиркемеге ылайык бекитилсин.(тиркеме тиркелет)
4. Кабыл алынган бюджетти туура жана максаттуу пайдалануу жагы «Тешик-Таш» ИСКАКБнын аткаруучу директору А. Жаяевге жана башкы эсепчисине милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл жана суу чарбасы боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөлөрүнө тапшырылсын.
Төрага | Н. Туманов |
| «Бекитемин» «Тешик-Таш» ИКАКБынын аткаруучу директору А.Жаяев |
№ | Чыгым түрлөрү | Өлчөө бирдиги | Сумма | Эскертүү |
| Берилүүчү суунун көлөмү | М³ | 133318 |
|
|
|
|
|
|
1 | Эмгек акыга | сом | 304800 |
|
2 | Соц.фонд 17,25% | сом | 52578 |
|
3 | Материалдык чыгымдар | сом | 105550 |
|
4 | Комуналдык чыгымдар | сом | 10800 |
|
5 | Амортизац.чыгымдар 0,5% | сом | 92282 |
|
6 | Транспорт чыгымдары | сом | 102200 |
|
7 | Командировка чыгымдары | сом | 12000 |
|
8 | Текущ.ремонт | сом | 184564 |
|
9 | Ререрв.фондко | сом | 92282 |
|
10 | Башка чгымдарга | сом | 30500 |
|
11 | Сатуудан алынуучу салык3% | сом | 29626 |
|
12 | 5%тик кайтаруу төлөмдөр | сом | 265000 |
|
| Жалпысы | сом | 1282182 |
|
(Бир миллион эки жүз сексен эки миң бир жүз сексен эки сом)
1282182сом:133318м³= 9,62сомх0,5% рент.=0,48 т.
9,62 сом+0,48 тыйын =10,10 сом.
Калькуляция түзгөн «Тешик-Таш» ИСКАКБынын бухгалтери
М. Тажибаев.
№ | Мазмуну | Сумма |
1. | Көчөдөн суу ичкендерге | 20 сом 1 жанга |
2. | Коросуунан суу ичкендерге | 200 сом кожолукка |
3. | Коросуна суу түтүгүн улаатуга | 500 сом |