Загрузка документа…
ЫРЫС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 10-ноябры № 19/3
Жер тилкелерин муниципалдык менчикке бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин 10.04.2014-жылдагы №01-11/1440 сандуу катынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин 07.0.,2015-жылдагы №01-13/2630 сандуу катынын негизинде, айыл чарба жерлери боюнча туруктуу комиссиянын сунушун эске алып, сессияда депутаттар талкуулап, Ырыс айыл кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Кыргыз Республикасынын¬Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин 10.04.2014-жылдагы №01-11/1440 сандуу катынын негизинде, айыл жана суу чарба маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун эске алып, төмөндөгү жер тилкелери муниципалдык менчикке бекитилсин:
—Ырыс айыл өкмөтүнүн Күмүш-Азиз айылындагы Ош-Бишкек жолу менен Көк-Арт дарыясынын ортосунда жайгашкан, жалпы пайдалануу эсебиндеги, айыл чарбасына жараксыз 0.05га жер тилкеси.
—Ырыс айыл өкмөтүнүн Ладан-Кара айылындагы Сузак-Жалал-Абад автожолунун түштүк батыш тарабындагы Асанбаев Аттокур атындагы көчөсүнүн күн чыгыш тарабы, калктуу конуш эсебиндеги 0,035га жер тилкеси.
—Ырыс айыл өкмөтүнүн Жар-Кыштак айылындагы С.Алимов көчөсүнүн түндүк тарабы,Ташматова Анзраттын турак жайынын күн чыгыш тарабы,калктуу конуш эсебиндеги 70 м2 жер аянты.
—Ырыс айыл өкмөтүнүн Ладан-Кара айылындагы Сузак-Жалал-Абад автожолунун күн батыш тарабындагы калктуу конуш эсебиндеги 68,25м2 жер тилкеси.
—Ырыс айыл өкмөтүнүн Дөмөр айылындагы Жалал-Абад-Масадан автожолунун күн батыш тарабы, М.Жунусалиев көчөсүнүн башталышы,жалпы пайдалануудагы 48м2 жер тилкеси.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл жана суу чарба маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б.Багишевке милдеттендирилсин. 3.Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Т.М. Атакулов |