Загрузка документа…
ЫРЫС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 10-ноябры № 19/4
Пайдаланылбай калган мамлекеттик фондунун кайракы айдоо жер аянттары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүндөгү мыйзамынын, Ырыс айыл өкмөтүнүн суу жана айыл чарба жерлери боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун айыл кеңешинин депутаттары талкуулап, жергиликтүү кирешелердин потенцияларын жогорулатуу максатында Ырыс айыл Кеңеши:
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Ырыс айыл аймагындагы мамлекеттик фондунун эсебиндеги 231,0 га кайракы айдоо аянты катуу кайракы,айылдан алыстыгы кеткен чыгымдарды актабагандыгы эске алынсын.
2. Мамлекеттик фондунун кайракы айдоо жерлерине эл тарабынан талаптын жоктугунан социалдык фонд жана жер салыгынын төлөмдөрүнүн мөөнөтү узартылсын. 3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл жана суу чарба маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б. Багишевке милдеттендирилсин. 4. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Т.М. Атакулов |