Загрузка документа…
ЫРЫС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 10-ноябры № 19/6
Ырыс айыл өкмөтүнүн аймагындагы пайдаланылбай турган жайыт аянттары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамын жетекчиликке алып, Ырыс айыл өкмөтүнүн суу жана айыл чарба жерлери боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун айыл кеңешинин депутаттары сессияда талкуулап, Ырыс айыл кеңеши:
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Ырыс айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайыт эсебиндеги 1570,0 га жер аянты, таштуу,бадалдуу жана көчкү жүргөн жерлер аянттары эске алынсын.
2. Жогорудагы көрсөтүлгөн жайыт аянттары салыктан бошотулсун.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Жайыт» комитетинин төрагасы М.Узденовко милдеттендирилсин.
4. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Т.М. Атакулов |