ЫРЫС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ЫРЫС АЙЫЛ КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XIX СЕССИЯСЫ
2015-жылдын 10-ноябры № 19/8
Жар-Кыштак айылындагы «Борбордук стадионду» кайра куруу, трибуна, душ кана, кийинип, чечинүүчү бөлмөлөрдү куруу жана айлана чөйрөсүн тосуу боюнчатүзүлгөн долбоорду каржылоого өздук салым кошуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» жана «Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндөгү» Мыйзамдарын жетекчиликке алып, Ырыс айыл өкмөтүнүн 2015-2019-жылдар үчүн стратегиялык өнүгүүсүнүн инвестициялык долбооруна жана аталган долбоорду бекитүү жөнүндөгү Ырыс айыл кеңешинин 29.08.2015-жылдагы ХVIII сессиясынын 18/8 сандуу токтомуна ылайык Жар-Кыштак айылындагы борбордук стадионду кайра куруу, трибуна, душ кана, кийинип, чечинүүчү бөлмөлөрдү куруу жана айлана чөйрөсүн тосуу боюнча долбоорун каржылоого өздүк салым кошуу максатында бюджет, каржы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун токтом долбоорун депутаттар сессияда талкуулап, Ырыс айыл кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Жар-Кыштак айылынын аймагындагы «Борбордук стадионду кайра куруу, трибуна, душ кана, кийинип, чечинүүчү бөлмөлөрдү куруу жана айлана чөйрөсүн тосуу» боюнча долбоордун экинчи «темир тосмо жана дарбаза куруу» бөлүгүн ишке ашыруу максатында өздүк салымына 350,0 миң (үч жүз элүү миң) сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн 2016-жылкы жергиликтүү бюджетинин эсебинен ажыратылып берилсин.
2. Бул акча каражатын убагында каржылоо Ырыс айыл өкмөтүнүн башчысы К.А.Имановко жана айыл өкмөтүнүн каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Х.Юлдашевке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун максаттуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл кеңешинин бюджет, каржы жана экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Токтом массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Т.М. Атакулов |