Редакцияот 10.11.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫРЫС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

ЫРЫС АЙЫЛ КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XIX СЕССИЯСЫ 

 

2015-жылдын 10-ноябры № 19/9

 Күмүш-Азиз айылындагы «К.Усманов көчөсүнүн асфальтын (капиталдык оңдоп-түзөө) кайра куруу» боюнча түзүлгөн долбоорду каржылоого өздүк салым кошуу жөнүндө

 Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» жана «Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндөгү» мыйзамдарын жетекчиликке алып, Ырыс айыл өкмөтүнүн 2015-2019-жылдар үчүн стратегиялык өнүгүүсүнүн инвестициялык долбооруна жана аталган долбоорду бекитүү жөнүндөгү Ырыс айыл кеңешинин 29.08.2015-жылдагы ХVIII сессиясынын 18/8 сандуу токтомуна ылайык Ырыс айыл аймагынын Күмүш-Азиз айылындагы К.Усманов көчөсүнүн асфальтын (капиталдык оңдоп-түзөө) кайра куруу долбоорун каржылоого өздүк салым кошуу максатында бюджет, каржы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун токтом долбоорун депутаттар талкуулап, Ырыс айыл кеңеши

Т О К Т О М    К Ы Л А Т:

1. Күмүш-Азиз айылынын аймагындагы К.Усманов көчөсүнүн асфальтын (капиталдык оңдоп-түзөө) кайра куру боюнча долбоорду ишке ашыруу максатында өздук салымына 1517,330 (бир миллион беш жүз он жети миң үч жүз отуз) миң сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн 2016-жылкы жергиликтүү бюджетинин эсебинен ажыратылып берилсин.

2. Бул акча каражатын убагында каржылоо Ырыс айыл өкмөтүнүн башчысы К.А.Имановко жана айыл өкмөтүнүн каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Х.Юлдашевке милдеттендирилсин.

3. Токтомдун максаттуу аткарылышын көзөмөлдөө айыл кеңешинин бюджет, каржы жана экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

4. Токтом массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Төрага

Т.М. Атакулов