ТоктомКүчүндө

Ырыс айылдык кеңешинин 2015-жылдын 29-августундагы № 18/1 «ЖЭМ (ДЭП-22)нин карамагындагы Ырыс айыл аймагынын жолдорунун абалы жана аткарылып жаткан иштер жөнүндө» токтому

Редакция29.08.2015 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

ЫРЫС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

ЫРЫС АЙЫЛ КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XVIII СЕССИЯСЫ 

 

2015-жылдын 29-августу № 18/1

ЖЭМ (ДЭП-22)нин карамагындагы Ырыс айыл аймагынын жолдорунун абалы жана  аткарылып жаткан  иштер жөнүндө

 Кыргыз Республикасынын  «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү», мыйзамынын 33-беренесин жетекчиликке алып, ЖЭМ (ДЭП-22) ишканасынын башкы инженери Шайдылдаев Садырбектин берген маалыматын  депутаттар угуп, талкуулап, Ырыс айыл кеңеши

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

 1. ЖЭМ (ДЭУ-22) ишканасынын карамагындагы Ырыс айыл аймагынын жолдорунун абалы жана  аткарылып жаткан  иштери жөнүндөгү маалыматы жактырылсын.

2. ЖЭМ (ДЭУ-22) ишканасынын карамагындагы Ырыс айыл аймагынын жолодоруна, кыш мезгилинде транспорт каражаттары үчүн кооптуу болгон бөлүктөрүнө кум жана башка заттарды себүү сунушталсын .

3. Токтом массалык маалымат каражаттарында  жарыяланган күндөн баштап күчүнө   кирет.

 

Төрага

Т.М. Атакулов