Загрузка документа…
ЫРЫС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 29-августу № 18/2
Ырыс айыл аймагынын 2015-жылдын 6 (алты) ай ичинде социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсү жана жергиликтүү жамаатты социалдык жактан коргоо боюнча Ырыс айыл өкмөтүнүн аткарган иштери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Бюджеттик укуктардын негизги принциптери жөнүндөгү», «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү», мыйзамдарын жетекчиликке алып, Ырыс айыл өкмөтүнүн башчысы К.Имановдун аткарган иштери жөнүндөгү баяндамасын, айыл кеңешинин бюджет, финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун токтом долбоорун, депутаттар талкуулап, Ырыс айыл кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Ырыс айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 6 (алты) ай ичинде социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсү жана жергиликтүү жамаатты социалдык жактан коргоо боюнча Ырыс айыл өкмөтүнүн аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2. Токтом массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Т.М. Атакулов |