Загрузка документа…
ЫРЫС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 29-августу № 18/3
2015-жылдын 6(алты) ай ичинде Ырыс айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу», «Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери», «Бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндөгү» мыйзамдарын жетекчиликке алып, Ырыс айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2015-жылдын 6 (алты) ай ичинде жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы боюнча КЭБ башчысы Х.Юлдашевдин отчетун, бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун токтом долбоорун депутаттар талкуулап, Ырыс айыл кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. 2015-жылдын 6 (алты) ай ичинде Ырыс айыл өкөмтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы канааттандырарлык деп бекитилсин.
2. Ырыс айыл өкмөтүнүн Кыр-Жол айылында үстүбүздөгү жылдын 24-май күнү болуп өткөн жер көчкүсүнөн жабыр тарткандарга жардам көрсөтүүгө жергиликтүү бюджеттен жумшалган 221384 сом (эки жүз жыйырма бир миң үч жүз сексен төрт) акча каражаты бекитилсин.
3. Жер көчкүдөн жабыркаган үй-бүлөлөргө там салууга Чымчык-Жар участкасынан бөлүнгөн жерлерге суу түтүктөрүн тартууга, курулуп жаткан имараттардын темир кашааларын, дарбазаларын жана эшик алдындагы отургучтарын жасатууга кетүүчү курулуш материалдарына жана кызмат акыларына, АПШ, Мамлекеттик менчикке укук берүүчү актыларга жергиликтүү бюджет эсебинен 500000 сом (беш жүз миң) акча каражаты ажыратылсын.
4. Ырыс айыл кеңешинин бюджет, финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 20.07.2015-жылдагы № 2 протоколунун токтомун колдоп, айыл өкмөтү тарабынан берилген сунушту карап чыгып, талкуулап, Ырыс айыл аймагынын тургуну Абдуганиев Нурбектин Бразилия мамлекетинин Сальвадор шаарында грек-рим күрөшү боюнча өтүүчү дүйнөлүк чемпионатка катышуу үчүн танспорт каражаты, жатакана жана башка чыгымдарына колдоого жергиликтүү бюджет эсебинен 25000 сом (жыйырма беш миң) акча каражаты ажыратылсын.
5. Ырыс айыл кеңешинин бюджет, финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 27.08.2015-жылдагы кезексиз отурумунун № 3 протоколунун токтомун колдоп, 2015-жылы 4–сентябрда Ыссык-Көл областында өтүүчү «Азия-тынчтык жана биримдик региону» XV Эл аралык спорт оюндарынын «кичи футбол» турнири боюнча Ырыс айыл өкмөтүнүн курама командасына катышуу үчүн танспорт каражаты, жатакана жана башка чыгымдарына колдоого жергиликтүү бюджет эсебинен 30000 сом (отуз миң) акча каражаты ажыратылсын. 6. Ырыс айыл өкмөтүнүн 05.08.2015-жылдагы № 205 сандуу буйругунун негизинде бөлүмдөр аралык жылдырылган 59,2 миң сом бекитилсин.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А. Курбаналиевке милдеттендирилсин.
8. Токтом массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Т.М. Атакулов |