ЫРЫС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ЫРЫС АЙЫЛ КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XVIII СЕССИЯСЫ
2015-жылдын 29-августу № 18/4
Депутаттын мандатын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 24-беренесине жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндөгү» мыйзамынын 3-беренесине таянып, Ырыс айыл кеңешинин депутаты Х. Юлдашевдин Ырыс айыл өкмөтүнүн КЭБ башчысы болуп дайындалгандыгына байланыштуу депутаттык мандатын мөөнөтүнөн мурда токтотуу арызын депутаттар сессияда талкуулап, Ырыс айыл кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 24-беренесинин 3-пунктуна ылайык Х.Юлдашевдин мандатын колдонууну токтотуу жөнүндөгү арызы канааттандырылсын.
2. Бош калган депутаттык орунга кезектеги талапкерге мандат берүү жагы Сузак райондук аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
3. Токтом массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Т.М. Атакулов |