Загрузка документа…
ЫРЫС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 29-августу № 18/5
Жер тилкелерин муниципалдык менчикке бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу мыйзамынын», Кыргыз Республикасынын Өкмүтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин 10.04.2014-жыл № 01-11/1440 сандуу катынын негизинде жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин 07.07.2015-жылдагы № 01-13/2630 сандуу катынын негизинде, айыл чарба жерлери боюнча туруктуу комиссиянын сунушун эске алып, сессияда депутаттар талкуулап, Ырыс айыл кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин 10.04.2014-жылдагы № 01-11/1440 сандуу катынын негизинде, айыл жана суу чарба маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун эске алып, төмөндөгү жер тилкелери муниципалдык менчикке бекитилсин:
А) -Ладан-Кара айылындагы К.Ташбаев көчөсүндөгү Махмутбеков Набийдиндин турак жайынын түндүк тарабында жайгашкан калктуу конуш эсебиндеги 48 м2 жер аянты.
-Жар-Кыштак айылындагы М.Жунусалиев көчөсүнүн күн чыгыш тарабындагы калктуу конуш эсебиндеги 100 м2 жер аянты.
-Масадан айылындагы М.Жунусалиев атындагы көчөнүн боюнда жайгашкан чайкананын калктуу конуш эсебиндеги 0,074 га жер аянты.
-Күмүш-Азиз айылындагы Тиллабай ажы көчөсүнүн боюнда «Сыддык-Ажы» мечити менен чектеш Т.Астанаевтин менчик жеринин түндүк тарабы, калктуу конуш эсебиндеги 12 м2 жер аянты.
-Чымчык-Жар айылындагы Жалал-Абад-Карамарт автожолунун боюнда күн чыгыш тарабындагы пайдаланылбай жаткан 500 м2 жер аянты.
-Кургак-Көл айылындагы А.Тажибаев чолок көчөсүндөгү М.Рахматуллаеванын турак жайынын түштүк тарабындагы калктуу конуш эсебиндеги 0.03 га аянты.
-Тейит айылындагы Кабилов Умматкулдун турак жайынын күн чыгыш тарабындагы калктуу конуш эсебиндеги 100 м2 жер аянты.
-Тотия айылындагы А.Раззаков көчөсүндөгү Алижанова Тажикандын турак жайынын түндүк тарабындагы калктуу конуш эсебиндеги 46 м2 жер аянты.
-Масадан айылындагы М.Жунусалиев атындагы көчөсүнүн № 182 үйүнүн тургуну Сармашева Тургунжандын турак жайынын күн чыгыш тарабындагы калктуу конуш эсебиндеги 0,022 га жер аянты.
-Арал-Сай айылынын Намуна көчөсүндөгү калктуу конуш эсебиндеги 42 м2 жер аянты. -Арал-Сай айылындагы Т.Дадажанов көчөсүнүн түштүк батыш тарабындагы калктуу конуш эсебиндеги 200 м2 жер аянты.
-Чымчык-Жар айылындагы 105-контурдагы айыл чарба багытындагы жерлер категориясынын айыл чарбасына жараксыз жерлерине кирген 0.30 га жер аянты.
Б) -Сузак-Жалал-Абад автожолунан «Байэл» базарына чейинки аралыкта жарнамалык калканча орнотуу үчүн суралган жер тилкелеринин аралыгы, архитектуралык көрүнүштү ирээтке келтирүү үчүн 100 метрден кем эмес жайгашуусу чектелсин.
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 25-декабрь 2012-жылдагы токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын 07.07.2015-жылдагы № 01-13/2630 сандуу катын аткарууга алууга жергиликтүү бюджеттин эсебинен кадастрдык карталарын 1:2000 жана 1:5000 масштабда даярдатууга (КНС кошулбаганда) 30492 ( отуз мин төрт жүз токсон эки) сом каражатын бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн КЭБ башчысы Х.Юлдашевке милдеттендирилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл жана суу чарба маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б.Багишевке милдеттендирилсин.
3. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Т.М. Атакулов |