Загрузка документа…
ЫРЫС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 29-августу № 18/7
Күмүш-Азиз айылындагы мүрзөнүн жолун оңдоого жана коомчулук үчүн ажаткана курууга акча каражатын ажыратуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» мыйзамынын негизинде Күмүш-Азиз айылында жайгашкан мүрзөнүн жолун калыбына келтирүү жана коомчулук үчүн ажаткана куруу үчүн депутаттардын арызын бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып берген сунушун депутаттар сессияда талкуулап, Ырыс айыл кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Күмүш-Азиз айылындагы мүрзөнүн ичиндеги жолду калыбына келтирүү жана коомчулук үчүн ажаткана курууга 40.000 (кырк миң) сом акча каражаты бөлүнсүн.
2. Акча каражатын бөлүп берүү жагы каржы экономика бөлүмүнүн башчысы Х.Юлдашевке милдеттендирилсин.
3. Токтомду аткарылышын көзөмөлдөө депутат А.Абдусаттаровко жүктөлсүн.
4. Токтом кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Т.М. Атакулов |