Загрузка документа…
ЫРЫС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 29-августу № 18/8
Ырыс айыл өкмөтүнүн 2015-2019-жылдарга стратегиялык өнүгүүсүнүн инвестициялык долбоорун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» мыйзамынын негизинде жана 25-август 2015-жылдагы коомдук угуунун жалпы чогулушунун протоколунун токтомун, жана Ырыс айыл өкмөтү тарабынан сунушталган «Ырыс айыл өкмөтүнүн 2015-2019-жылдарга карата түзүлгөн стратегиялык өнүгүүсүнүн инвестициялык долбоорун» сессияда депутаттар талкуулап, Ырыс айыл кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Ырыс айыл өкмөтүнүн 2015-2019-жылдарга карата түзүлгөн стратегиялык өнүгүүсүнүн инвестициялык долбоору бекитилсин. (Долбоор тиркелет)
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы ишкердикти өнүктүрүү жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Мамасадиковко жана айыл өкмөтүнүн башчысы К.Имановко милдеттендирилсин.
3. Токтом массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Т.М. Атакулов |