Загрузка документа…
ҮЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 14-марты № 40
Үч-Коргон айылындагы жаңы түшкөн авто жолдун атын “Джороев Нажим” атындагы авто жол деп коюу жөнүндө
Үч-Коргон айыл аймагынын Үч-Коргон айылы менен Талас- Тараз автотрассасын кошуп жолду кыскартуу максатында, Уч-Коргон айылдык Кеңешинин депутаттары Уч-Коргон айылынын жаңы түшкөн жолду “ДЖороев Нажим” атындагы авто жол деп коюп берүү жөнүндөгү, уул кыздарына атасынын аты коюлса ошол жолду көрктөндүрүп жарык коюп, жалпы оңдоо жагын колго ала тургандыгы жөнүндө талкуулап, уул-кыздарынын жана Уч-Коргон айыл тургундарынын кайрылуусунун негизинде Уч-Коргон айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эл арасында кадыр баркын, элге кылган көп мээнетин баалап, Уч-Коргон айылынын жаңы түшкөн жолду, элдик макулдуулугун эске алып, Уч-Коргон айылындагы жаңы түшкөн жолду “Джороев Нажим” атындагы авто жолу деп аталсын.
2. Джороев Нажим атындагы жаңы аталган авто жол Уч-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги авто жол болуп эсептелинсин.
3. Джороев Нажим атындагы жолду уул – кыздарына, жолду көрктөндүрүү жана социалдык абалын көңүл буруу жагы милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын, көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага |
З. Курманалиев |